www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-март күнү кечинде нөшөрлөгөн жамгырдан улам Тажикистандын Халкажар айылында сел жүрүп, жаратылыш кырсыгынан 200дөн ашык үй зыянга учурап, бир адам каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Буга чейин Халкажар айылынын тургундары жергиликтүү бийлик жардам бербегенин, селдин кесепеттерин өз алдынча жоюуга аргасыз болуп жатышканын айтып даттанышкан.

«Биздин абалды көрүүгө эч ким келген жок. Суу аралашкан баткакты өзүбүз тазалап жатабыз. Үйлөрү зыянга учураган тургундар бир нече күндөн бери коңшуларыныкында жашап жатышат. Жергиликтүү бийлик өз учурунда айылдын айланасын бекемдегенде, сел болбойт эле», — деп билдирген Зарина Мавлонова аттуу жергиликтүү тургун.

Мындан улам, Тажикистандын бийлиги тазалоо иштери үчүн айылга төрт тонна күйүүчү май, төрт жүк унаасы, жети экскаватор жана башка керектүү техникаларды жеткирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости