www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус илдетинин алдын алуу максатында Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу коронавируска каршы түзүлгөн Республикалык штаб билдирди.

Коңшу мамлекеттин жардамын, кечээ, 25-мартта “Торугарт” чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алды.  

Гуманитардык жардамды Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басары  Ван Шин Ганг мырза тапшырып, кыргыз элинин бул ооруну тезирээк жеңип чыгуусун тилек кылды. 

Кытай Эл Республикасынан 10 миң даана дарыгерлер үчүн респиратордук беткап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу беткаптар, ошондой эле 1 миң даана коргонуучу кийимдер келди.  Мындан сырткары 10 миң даана беткаптарды Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине тапшырышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости