www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Душанбенин мэри борбор калаа күнүнө карата массалык иш-чараларды уюштуруу боюнча буга чейин кабыл алган чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, бул чечим коронавирустун жайылышынын алдын алуу жана калктын саламаттыгын сактоо максатында кабыл алынды.
Буга чейин Душанбе мэри Рустами Эмомали 18-мартта шаар күнүн белгилөө жөнүндө токтомго кол койгон.
Жыл сайын апрелдин үчүнчү ишембисинде Душанбеде Шаар күнү белгиленип, массалык-маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүп келген.
Тажикстанда расмий түрдө коронавирус жуктурган учур каттала элек. Акыркы айда карантин зонасында иштеген санитарка жана пневмонияга чалдыккан дагы бир жаран көз жумган. Бирок тажик бийлиги алардын өлүмү COVID-19 менен байланышта эмес экенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg