www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын аскердик тарыхый коому (РВИО) 1-Белорус фронтунун командири, маршал Георгий Жуковдун СССР Куралдуу Күчтөрүнүн командачысы Иосиф Сталинге Советтик Аскерлердин контрреволюциясы тарабынан Үчүнчү рейхтин фюрери Адольф Гитлердин жана Рейхтин пропаганда министри Йозеф Геббелстин өзүн-өзү өлтүргөндүгү боюнча тапшырган отчету жарыяланды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Белгилей кетсек, Гитлер 1945-жылы 30-апрелде Берлинде советтик аскерлердин курчоосунда өз өмүрүн кыйган.
Документте Рейхстагдын аймагында Чалгындоо кызматы (контрразведка) Йо́зеф Ге́ббельстин жеке ашпозчусу Ланганы жана унаа токтотуучу жайынын жетекчиси рейхминистр Шнайдердин колго түшкөндүгү жазылган.

Алар Гитлер 30-апрелде өз жанын кыйгандыгын, бирок анын сөөгү коюлган жерди билбей тургандыгын айтышкан.

Ал эми Геббельс менен анын аялы 1-майда Рейхстагдын жанындагы жер төлөдөгү баш калкалоочу жайда өз өмүрүн кыйышкан.

“Геббельстин зынданындагы кеңсесинин кире беришинде эркек кишинин жана аялдын өрттөлгөн сөөктөрү табылып, кызматкерлер Ланга менен  Шнайдер Геббельсти жана анын аялы экендигин дароо таанышкан.
Андан тышкары, пропаганда министрлигинде төрт жыл иштеген Беларуссия комитетинин башкы катчысы Барткевич чакырылып, маркумдар Геббелс жана анын жубайына таандыктыгын тастыкташты. Маркумдардын сөөктөрү боюнча документтер жок, бирок Геббельстин иш бөлмөсүндө ар түрдүү документтер папкасы менен табылып, мөөр басылып, бекитилген”,-деп жазган Жуков.

"Алынган маалыматты тастыктоо үчүн, 3-май күнү эртең менен колго түшкөн беш генералга сөөктөрдү көрсөтүп, алардын күбөлүктөрүн документтештирүү, сөөктөрдү сүрөткө тартуу, баш калкалоочу жайдагы кырдаалды терең изилдөө жана өлүктөрдүн өрттөлүшүнүн себебин аныктоо жөнүндө буйрук берилди", - деп маалымат берген маршал.

Жуковдун айтымында, бир эле мезгилде Гитлердин жашаган жерин табуу жана өз өмүрүнө кол салуусу боюнча бардык маалыматты дыкат иликтөө боюнча иш-чаралар көрүлгөн.
Эске сала кетсек, Россиянын аскердик тарыхый коомунун (РВИО) отчету-Берлиндеги Кызыл Армиянын стратегиялык чабуулдук операциясынын башталышынын 75 жылдыгына карата жарыялаган уникалдуу документтердин бири. Коргоо министрлигинин Борбордук архивиндеги бул материалдарда Советтик аскер командачылыгынын өкүлдөрүнүн - бөлүктүн командиринен Жогорку командирге чейинки чыныгы аскердик отчеттору, карталары, токтомдору жана кол тамгалары көрсөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости