www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш коронавирустун айынан дүйнө жүзү боюнча 100 миңдеген балдар каза болушу мүмкүн экендигин айтты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, Антониу Гутерреш коронавирустун айынан орун алган каржы катчылыгынан улам балдар дуушар боло турган коркунучтар тууралуу доклад жасаган.

"COVID-19 пандемиясы глобалдуу рецессия жаратып, ал адамдардын каражаттарына өз таасирин тийгизүүдө. Дүйнө жүзү боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр өзүн жана балдарын толук кандуу тамак-аш менен камсыз кыла алышпайт. Бул шарттар баланын ден соолугуна таасир берет", - деген башкы катчы.

Айрым мамлекеттерде полиомиелит жана кызамыкка каршы эмдөө токтотулган. Ушундан улам өз учурунда жардам көрсөтүлбөгөн көптөгөн балдар көз жумуп жатканын айткан.

Башкы катчы ар бир өлкө эч кечиктирбестен, балдарга коркунуч туудуруп жаткан ар бир маселе менен иштеши керек экендигин, болбосо балдардын өлүмүнүн саны күн санап өсөрүн эскерткен.

Белгилей кетсек, Гутерреш апрель айынын башында дүйнө жүзү боюнча карантин учурунда күч алган үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүү керек экендигин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости