www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы оор кырдаалда, чет өлкөдө калган жердештерибизди мекенге кайтуусуна жардамын берип келе жаткан "Замандаш” саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов NazarNews маалымат агенттигине бүгүн, 17-апрелде чартердик рейс менен учуп келген жарандар тууралуу пикирин айтты.
-- Алгач, 24-мартта Анталиядан 197 жараныбыз чартердик рейс менен өлкөгө алынып келинген. Экинчи чартердик рейс бүгүн, 17-апрелде 212 жараныбыз Түркиянын Стамбул шаарынан келишти. Бардыгынын коопсуздугу үчүн жүргүнчүлөр аба майдандын имаратынын ичине кирбестен, перронунда тейленип, “Ак кеме” мейманканасына обсервацияга жөнөтүлдү.
Алар менен кабарлашып ал-акыбалын сурашып жатабыз. Учурда коронавируска тесттен өтүп жатышат.
Баса белгилеп кетчү жагдай, биринчи чартердик рейсте алынып келген жарандардын бардыгынын коронавируска алынган тесттери таза чыккан.
Ага кошумча, кайра кийинки рейстерди күтүп жатабыз. Кудай буюрса, кезектеги мекендештерибиз мекенине аман эсен келет деп ишенебиз", - деди Жеңиш Молдокматов.
Булак: NazarNews.kg