www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернет-жылдызы, “ирандык Анжелина Жоли” деген ат менен белгилүү Фатима Хишванддан коронавирусу аныкталды. Бул тууралуу ирандык Al Bawaba басылмасы билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, оорусу тууралуу анын жактоочусу жарыялаган. Анын айтымында Фатима түрмөдөн жуктуруп алган. Ал мыйзамсыз баюу жана башка кылмыш иш-аракеттери боюнча айыпталган. Биринчи аны түрмөдөгү карантиндик изоляторго которушкан, бирок анын абалы начарлап баштаган. Кызды дарылоону улантуу үчүн Тегерандагы ооруканага жеткиришкен.

“Иран адам укуктар борбору” укук коргоо уюму билдиргендей, Хишванд жандандыруу бөлүмүндө жана ИВЛ аппаратына туташтырылган.

Ислам Республикасынын расмий Маалымат агенттиги Хишванддын оорусу тууралуу маалыматты четке какты. Кыр отурган түрмөнүн директору Фатиманын ден соолугу жакшы, анын жактоочусу айткан маалымат чындыкка дал келбейт деп жарыялаган. 

Фатима Хишванд Сахар Табар деген каймана ат менен белгилүү. Ал өзүнүн сүрөттөрүн жарыялагандан кийин дүйнө жүзүнө танылган. Сүрөттөрдө бир элек убакта Анжелина Жолиге жана зомбиге окшош болгон. Кийин кыз ал образды макияждын жана Photoshopдун жардамы менен жасаганын моюнуна алып, өзүнүн келбетин көрсөткөн. Ал 2019-жылы камакка алынган.

Эске сала кетсек, Иран бийлиги 17-мартта 85 миң камактагы адамдарды эркиндикке чыгарган. Алардын ичинде саясий иштер боюнча жазага тартылгандар да бар. 

Акыркы маалыматтар боюнча, 17-апрелде дүйнө жүзүндө 2,21 миллион адам коронавирус жуктурган. Инфекциядан 149 миң адам көз жумуп, 560,3 миң адам айыкты. Иранда 79,5 миң адам жуктуруп, 4958 адам каза тапкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости