www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн коронавирус жуктурган 23 жарандын арасында №17 үй-бүлөлүк медициналык борборунун (ҮМБ) төрт кызматкери болгондугу тууралуу маалымат берилген. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы азыркы тапта эпидемиологиялык териштирүү жүрүп жатканын вирус аныкталган кызматкерлер менен катнашта болгон башка кызматкерлерден тест алынганын билдирген.

Ошондой эле, эгер кимде үй карантинде болууга шарт жок болсо, аларды аныктап, эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүлгөн соң, обсервацияга муктаждык жаралса, ошондо обсервацияга жаткырыларын билдирген. 

Жергиликтүү маалымат каражаттары медицина кызматкерлери 17 саат күтүп тийиштүү тараптардан жооп, жок эле дегенде телефон чалуу болбогонунан улам өзүлөрү мейманканалардын биринде жайгашкан обсервацияга келишкенин жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, алар обсервацияга келген маалда аларды эч ким тосуп алып, тийиштүү медициналык иш-чараларды жасап жайгаштырган эмес. Ал эми мейманкананын администрациясы аларга кечки тамак берилбей турганын, бул ишти ӨКМ уюштуруп жатканын билдирген.

Мындан сырткары, бул окуяга ыктыярчылар көңүл буруп, медицина кызматкерлери үчүн кечки тамак уюштуруп, аз убакыт ичинде мейманканага жеткирип беришери жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости