www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда коронавирустун белгилерин тактоо максатында онлайн-тест иштелип чыкты. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен маалымдашты.
МТМБКга караштуу ыкчам IT штаб тарабынан аталган илдет тууралуу расмий жана так маалымат алуу үчүн атайын hidoctor.kg, covid.gov.kg (covid.kg) аталышындагы маалыматтык сайттарды иштеп чыгышкан.
Hi Doctor маалымат порталы – өз саламаттыгын текшерүүчү маалыматтык сервис. Ошондой эле аталган сайтта илимдеги жана медицинадагы жаңы жетишкендиктер тууралуу маалыматтарды таба аласыз.
Онлайн-тест аркылуу адамда аты жаман оорунун белгилери бар же жок экендигин жана медициналык жардамга муктажбы ж.б. аныктоого болот.
“Тесттин аягында берилген суроолордун негизинде сунуштама берилет. Эгерде жаш балага инфекция жуккан болушу мүмкүн деп шек болсо, тезинен 118 номерине чалыңыз” – сайтты иштеп чыккандар белгилеп өтүштү.
Тесттен өтүү үчүн шилтемеге кириңиз: hidoctor.kg, covid.gov.kg (covid.kg)
Эскес алсак, өлкөбүздө коронавирус менен 16 адам катталды.
Булак: NazarNews.kg