www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-март элдик революцияга 15 жыл толду. «Биринчиден, 2005-жылкы болгон март окуяларын талашсыз революция деп эсептесек болот. Ошол эле убакта президенттин китебин барактап отуруп, эки нерсесине кошулсак-кошулбасак да болот. Биринчиден, 2005-жылы мартта болуп өткөн баркыт революция классикалык революцияларга кирбейт. Классикалык революциялар бул 17-кылымдын жарымынан баштап 19-кылымдын экинчи жарымына чейин болуп өткөн. Ал эми баркыт революциялары 20-кылымдын аягы 21-кылымдын башына тиешелүү. Булар коомду демократиялаштыруу багытындагы өзгөчө бир революциялар болуп саналат», - деп Төлөбек Абдракманов «Азаттыкка» айткан эле. Деги койчу 24-марттагы болуп өткөн революция 2010-жылдагы революция асман менен жердей айрымасы бар.
Эми тагдырдын тамашасын карасаңыз, 2005-жылы 24-март күнү Ак үй тарап ызы-чуу болуп, бул күнү аянт элге толуп турса, 15 жылдан кийин Ак үйдүн айланасы бул жакта турсун Бишкек шаары жымжырттыкка айланды.
Бүгүн, 24-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" Жарлыкка кол койду.
Жарлыкта төмөндөгүлөр белгиленген:
«2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын (мындан ары — коронавирустук инфекция) жайылышын пандемия катары жарыялады. 2020-жылдын 18-мартынан 23-мартына чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 16 фактысы тастыкталды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Өзгөчө абал жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 7-беренелерине ылайык, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максаты…
Булак: NazarNews.kg