www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер Эркин Асрандиев мамлекеттик органдарга кызматкерлерин үйдөн иштөөгө кое берүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу коронавируска каршы түзүлгөн Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, бул чаралар өлкө аймагына Өзгөчө абал режими киргизилгени жаткандыгына байланыштуу жана коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында колдонулууда.

"Бардык мамлекеттик органдардын, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери өзгөчө абал учурунда коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө максатында кызматкерлерин санитардык чараларды так сактоо менен аралыктан иштөөгө коё берсин", — деди Асрандиев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 24-мартта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. 

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жугузгандар 16 кишиге жетти. Илдетке чалдыккандардын сегизи Сузак районунан, бешөө Ноокат районунан, бирөө Баткен районунан, экөө Бишкек шаарынан катталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости