www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавирустун британ штаммы (жаңы штамм) катталды. Адистер бул штамм тез жайыларын белгилешет.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги британ штаммын жуктурган адамда кандай симптомдор байкалары жөнүндө маалымат берди.

Улуу Британиянын Улуттук статистика кызматынын маалыматына караганда, коронавирустун британ штаммын жуктурган адамдарда төмөнкү белгилер байкалган:

- жөтөл, чарчоо, тамактын жана булчуңдардын оорушу;

- коронавирустун Кытайда тараган штаммына караганда даам жана жыт сезбей калуу азыраак кездешет;

- ошондой эле бейтаптардын дене табы көтөрүлөт.

Улуу Британияда коронавирустун жаңы штаммын жуктурган адамдар эмнелерге даттанышкан:

- 35% жөтөлгөн;

- 32% алы кеткен;

- 25% булчуңдары жана денеси ооруган;

- 21,8% тамагы ооруган;

- 18% даам жана жыт сезүүсү өзгөргөн.

Ошондой эле, башы ооруган, дем алуусу кыйындаган, ичи өткөн жана кускан бейтаптар да болгон.

Коронавирустун британ штаммы Улуу Британияда 2020-жылы сентябрь айында пайда болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости