www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фергана шаарында Баткен-Фергана-Согди облустарынын биргелешкен форуму өтүүдө. Бул тууралуу «Маралга» өкмөтүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова кабарлады.

22-23-апрелге белгиленген «Чек ара аймактарын интеграциялоо -өнүгүүнүн кепилдиги» аталышындагы форумга Кыргызстандын Баткен, Өзбекстандын Фергана, Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилери катышууда.

Облус башчылары чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу, элдин карым катнашын бекемдөө, облустар аралык кызматташууларды жандантууга макулдашышты.

Аймактардын инвестициалык потенциалы, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, экспорттоо, өнөр жай, курулуш тармактары боюнча  кызматташуу максаттарын билдиришти.

Иш чаранын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай району  менен Өзбекстандын Фергана районунун ортосунда  кызматташуу боюнча мемарандумга кол коюлду.

Фергана облусундагы айыл чарба, өнөр жай, жеңил өнөр жай ишканаларында өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсү болду.

Бул күнү облус башчылары, үч облустан чогулган бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен Фергана облусундагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Форум бүгүн, 23-апрелде да уланууда. Алдыда үч облустун бийлик өкүлдөрү жана ишкерлери, тармактар боюнча кызматташууну  бышыкташат.

2021-жылдын 11-12-мартында Өзбекстандын Ташкент шаарында Баткен-Фергана облустарынын башчылары кызматташуу боюнча 22 пункттан турган бирдиктүү жол картасына кол коюшкан.

Ал эми 17-18-мартта Тажикстандын Гулистан шаарында Баткен-Согди облустарынын башчылары кызматташуу боюнча  10 пункттан турган протоколго кол коюшкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости