www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз бийлиги жана байлыгы шарттуу түрдө бир нече кландардын колунда. Мындай пикирин коомдук ишмер Нургазы Мусаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Нариман неге нааразы же шайлоо чырларына качан чекит коюлат?
Кыргыздар өзүбүз буржуазиялык-капиталисттик коомду тандап алдык дагы анан шайлоого социалисттик доордон туруп баа берип жатабыз. Илгеркидей саанчылар, койчулар, уйчулар, тикмечилер, заводдун жумушчулары, кыскасы, карапайым калк өтүп келсе экен дейбиз. Бирок азыр доор башка, заман башка.
Каалайбызбы, каалабайбызбы бийлик бутактарына байлар келет экен. Капиталисттик коомдун табияты ошондой экен. Эми ыймандуураак, жашоосу кудайга шүгүрлөр бийликке келсе экен дегенден башка айлабыз жок. Анткени эл да, бийлик да кайра эле ошол байларга таянат экен. Ар бир бийлик кайра эле мурдагы эле байлар менен иштешип жатканы ошондон. Анткени андан башкасы жок.
Кыргыз бийлиги жана байлыгы шарттуу түрдө бир нече кландардын колунда. Ал кландардын ичинен Салымбековдор кланын айланып өтүүгө, алар менен эсептешпей коюуга такыр эле мүмкүн эмес. Салымбековдордун анабашы Аскар Салымбеков камыш басып жаткан жерди базар кылып, миңдеген адамдарга иш орун түздү, эл баккан соодагерлердин бүтүндөй муунун өстүрүп чыгарды. Кечээ эле соодагерлерди «кызыл кулак», «алып сатар» деп өгөйлөгөн кыргыздан 5-10 жылда өзбек, уйгурдун чимкиригин чубап койчу чоң соодагерлер чыкты. Ошолор экономиканы кармап турду, ошолор элди бакты. Капитал да, таасир да ушулардын колунда болду.
Демек, булардын лидери саясатта, бийликте болгону мыйзам ченемдүү. Абай салып карай турган болсок, тээ Акаев бийлигинен тартып, азган-тозгон, түрмөдө отурган экс-президенттерибиздин баары Салымбековдор менен эсептешүүгө аргасыз болуптур.
Бакиев бийлиги Аскар Салымбековду Бишкек шаарына мэр кылган, Атамбаев болсо эсил кайран СДПКсынын катарына сөзсүз Салымбековдордон бирөөсүн кошуп турган. Жөн эле кошпостон чоң-кичине шайлоолордо Салымбековдорго мынча добуш алып келесиң деп салык салып турган. Башкача айтканда, Салымбековдордун туруктуу электораты, социалдык базасы бар. Аны эч ким тартып ала албайт. Алардын электораты коомдун кыймылдаткыч күчү болуп жаткан орто бизнес, соодагерлер, прогрессивдүү жаштар, кыскасы, жашоосу кудайга шүгүрлөр.
Эртең Ильич шамына болгон баа көтөрүлсө, кымбат баада электр энергия сатып алчулар да, демек, мамлекеттин тешик бюджетин бүтөчүлөр да ошолор. Айтайын дегеним, Салымбеков башында турган катмар улуттун каймагы болбосо да, уюткусу десек болоор. Эми ушулардын добушу менен Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка келгендерди омуроолоп, сүрүп, ордодон чыгарып салсак деген баатырлар пайда болду. Ал баатыр деле алыстан келбеди.
Чынында иш билгилиги жагынан кризис-менеджер, мүнөзү чырбаш Нариман Тулеев өз агасы Аскар Салымбековго каршы чабуулга өттү. «Эмгек» партиясын, ал гана эмес, Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышкан бардык партияларды шайлоодон четтетип, кайра шайлоого баруубуз керек деп жатат.
Мен жогоруда Салымбековдор жөнүндө бекеринен кеп кылган жокмун. Булардын электоратын айланып өтүүгө деги эле мүмкүн эместигин Нариман аке түшүнбөй жатат окшойт. Кайра шайлоо болсо, Салымбековдор же алардын партиясы кайра эле бийликке келет.
Анын үстүнө Салымбековдордун мэрликке амбициясы жок. Бул эки нарындыктын талашына көз сала турган болсок, алгач Нариман Тулеев «Эмгек» партиясы биздин мэрликке кандидатты колдомой болду деп узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына кыйкырды. Көп өтпөй, «Эмгек» шайлоодон четтетилсин деп үн жеткен жердин баарына жарыялап жатышат. Партия добуш сатып алды деп күнөөлөгөнүн да окудум. Бирок «Эмгек» партиясы тарабынан добуш сатып алуу фактысы катталбаптыр, тескерисинче, Тулеевдин «Ак батасынын» кандидаттары добуш сатып алды деген кинө менен шайлоодон четтетилгенине эл күбө. Чынында Салымбековдордой ондогон ишканалар, мекемелер, базарлар түйүндөрүнүн ээлерине добуш сатып алуу алда канча арзан түшмөк, бирок партия буга барган жок.
Саясат компромисс таба алган, ынтымакка келе алган, күнүмдүк таарынычтардан жогору тура алган, жеке кызыкчылыктан коомчулуктун кызыкчылыгын жогору коё алган, өзү чыгымга учураса да көпчүлүктүн ынтымак-ырашкерлиги үчүн артка кадам таштай ала турган адамдардын иши. Бай акелерибиз ынтымакка келип, шайлоонун шайтан оюнуна чекит койсок жакшы болот эле.
Кыргыз байларынын тээ илгери деле, азыр деле бийлик талашып, байлык талашып, ортодо жөнөкөй элди кыйнай бермей сөөгүнө бүткөн өнөкөт оорусу бар. Эки Президентти кубаладык, бир президентти күчкө салып алып түштүк. Андан мүйүздүү деле болуп кетпедик. Ыштаныбыз жаман жеринен айрылып, банан өлкөгө айланганы калдык.
Жергиликтүү шайлоолорду ынтымак, ырашкерлик менен жыйынтыктап алсак жакшы болор эле. Садыров бийлиги шайлоодо киришпей, партияларга да, элге да тандоо мүмкүнчүлүгүн берди. Муну Бишкек шаардык кеңешине бийликчил делген «Ата Журт Кыргызстан» партиясынын биринчилерден болуп келбегени эле көрсөтүп турат.
Республикага аты чыгып, таанылып, жакшылыкты да көрүп, жамандыкты да көрүп, ал гана эмес, түрмөнү да көрүп келген Нариман Тулеев агабыз тагдырга таң берсе, жашоом кудайга шүгүр десе, чынында жашоосу, Мотуев айткандай, «на хлеб с маслом хватает». Бай акелерибиз компромисс варианттарын издесе, элибиз тынч жашоо нугуна түшсө жакшы болот эле. Кайра шайлоо кылганда, кайра эле ушул байлар келет да. Андан көрө жаңы шаардык кеңеши ишке киришип, Нариман байкебиздин бекер нандарынан жесек деп күткөндөр көп», - деп кошумчалаган Мусаев.
Булак: NazarNews.kg