www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-апрелде, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев эгерде Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну пайда болсо, карантин дагы киргизилеби деген суроого жооп берди.

Эске салсак, 26-апрелдеги брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы "экинчи толкун күтүлбөйт, бирок саламаттык сактоо системасы даяр" деп айткан.

Бүгүн Үсөнбаев карантин дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да жакшы натыйжаларды берген радикалдуу чаралардын бири деп жооп берди.

"Обочолонуу, аралыкты сактоо кырдаалды көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк берет. Карантин бүткөндөн кийин жаңы толкун болсо, иш-чараларды чектөө зарыл. Бирок жаңы карантин жөнүндө сөз кылууга али эрте”,-дейт министрдин орун басары.

Эске сала кетсек, бүгүн илдетти жуктургандардын саны 695ке жетип, анын ичинен каза болгондордун 8ди түзсө, сакайгандар 395 кишиге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости