www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Райымбек Матраимов Трамп менен Путинге кат жаздыбы?

Фейсбук социалдык тармагында Джанибеков Эмирбек аттуу жаран президентке кайрылып, беттырмарлык кылганына күбө болдук. Мындай маалыматты «Aryba.kg» жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Джаныбек Эмирбек өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына: "Өлкөнү Матраимов чечкени үчүн, өлкө башчыбыз биздин Кайрылуубузга жооп бербейт. Менин агамдын аялы Мария Заворттун Фейсбуктагы баракчасын тосмолоп салышты жана ушул күнгө чейин бизди да тебелеп-тепсөөгө аракет кылып жатышат", - деп жазып, төмөнкү сүрөттү жүктөгөн.

https://aryba.kg/uploads/posts/2020-04/1587921339_shgngshnsh.jpg

Карманганы чылгый чагымчылык экен. Бул эргул чектен чыгып, укук бузууга да катуу шек келтиргенине күбөбүз.

Маселен, Райым Матраимовдун телефон номеринин ылдый жагына ар кандай “СМСтерди жазышууну” ойлоп тапкан. Сабаттуу адам дароо эле жалаа жабылып жатканын түшүнөт дечи. А тескери ойлогондор канча?..

Эгерде сиздин аты-жөнүңүздү, телефон номериңизди пайдаланып, кадыр-баркты түшүрө турган каалаган сөздөр менен пикир алмашкандай кылып, анан соцтармакка жарыяласа кандай кабыл аласыз? Кеп мына ушул боюнча. Эгерде Джанибеков Эмирбек мыйзамга каршы иш-аракети үчүн жооп бербесе, эртең башкалар да үйрөнүп алышып, интернет айдыңында дээрлик башаламандык, афера ыргагындагы бузукулуктар курчуп кетпейби? Мындай көрүнүшкө укуктук баа берилиши зарыл! (Баса, бул бала камактагы Эмилбек Кимсановдун иниси экени кабарланууда.)

Джанибеков Эмирбектин постунан кийинки комментарийлерден алынган жасалма үлгүлөргө көңүл бурсак, демек, ал үчүн каралоо оңой эле иш экенине көзүбүз жетет.

https://aryba.kg/uploads/posts/2020-04/1587921461_f5b7c99d-f3e7-428e-9db4-9eb1255492ac.jpg

https://aryba.kg/uploads/posts/2020-04/1587921405_59d910a8-2111-497f-a5c3-a6c0e965c59a.jpg

Буга чейин камакта жаткан Эмилбек Кимсанов, «мага, шеф мындай жазды», деп арызданган тасмасы жарыяланган эле. Чындыгын алганда Эмилбек Кимсанов «байкуш» эмес. Анын үстүнөн бир нече арыздардын алдыңкы сабында генерал, Молдомуса Конгантиевдин арызы турган.

Жыйынтыгында, окурман Сиз жазылган СМСтерге ишене аласызбы?

– Албетте жок. Бул болгону, бул көрүнүш технологиянын жардамы менен баарын кылууга болот деген гана көрүнүш. Эл аралык деңгээлдеги адамдарды кошуп ката жазганы маңкурттук. Мындай көрүнүшкө ИИМ менен УКМК чара колдонушу зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости