www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-мартта Өкмөттө Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери боюнча селектордук кеңешме өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Биз бардык тобокелдиктердин алдын алуу жана азайтуу үчүн антикризистик иш-чаралар планын иштеп чыгышыбыз зарыл. Биздин товар жүгүртүүнүн бештен бир бөлүгү Кытай Эл Республикасына туура келерин эске алуу керек. Басымдуу бөлүгүн коңшу өлкөлөрдөн товарларды импорттоо түзөт. Ошондуктан биз кесепетин азайтуу үчүн эпидемиологиялык кырдаалдын бизнес чөйрөгө таасирине терең талдоо жүргүзүүбүз кажет. Бул үчүн альтернативдик рынокторду издөө иштерин күчөтүп, бизнести колдоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Саламаттык сактоо министрлигине мамлекеттик чек аранын өткөрмө-көзөмөлдөө жайларында жана обсервацияларда нөөмөттө турган медициналык кызматкерлерге сый акы берүүнү караштыруу тапшырылды.

«Дүйнөлүк экономика үчүн белгилүү бир чакырыктары бар мындай жагдай биздин экономиканын кемчилдиктерин аныктоону шарттайт. Биз натыйжалуу биргелешкен ишибизди көрсөтүүгө тийишпиз», - деп ырастады Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Кеңешменин жыйынтыгында Премьер-министр компетенттүү бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүнө жол бербөө жана дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын өнүгүү кесепеттерин четтетүү иштерин күчөтүүгө тийиштүү конкреттүү тапшырмаларды берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости