www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Саламатсызбы Самара айым, ушул тапта социалдык тармактарда аябай талкуу болуп жатасыз...

--Ар бир кыргыздын, элимдин сын-пикирин укканга даярмын. Албетте,  мен деле адаммын, сөздөр жүрөгүмө катуу тиет, алардын баарына ыйман тилеймин. Эч бир инсанга жамандык каалабаймын. Кыргыз элимде ар дайым жакшылык болуп, мени сыйлагандардын жана сындагандардын да үйүндө жакшы жаңылыктар жаңыра берсин.

-- Сын-пикирди кандай кабыл алып жатасыз...

--Убакыттан пайдаланып кыргыз элиме Кайрылуу жасап кетейинчи. Урматтуу менин күйөрмандарым, өнөр сыйлаган угармандарым! Мен чыгармачыл үй-бүлөдө  төрөлүп,  бала күнүмдөн музыканы муюп угуп, мукам кайрыктарды көөдөнүмө сиңирип өскөнмүн жана эч качан  чыгармачылыктын улуу жолунан кайтпаймын. Өнөр-бул үлүшүмө тийген зор бакыт деп билем жана аны аздектеп багып, талантымдын таттуу мөмөсүн сиздерге тартуулап келе жатканыма кубанычтамын. Анткени, менин саяпкерим сиздерсиздер. Ар бир кадамымды коштоп, демиме дем берген да сиздерсиздер. Калкыңдан кадыр табуу чоң сыймык, чоң жоопкерчилик экенин жакшы түшүнөм. Мен Кыргызстандын мекенчил кызы катары калкыма мындан да көп кызмат кылсам, мындан арбын ийгилик жаратсам, эл үчүн эмгектенсем деп дайыма ниет кылып изденип келем.  Жалындаган жүрөк, жаштыктан сырткары буга менин акыл-эсим, билимим, энергиям эң башкысы ички потенциалым жетээрин да  билем. Элетте чоңойгон үчүн, өнөр аркалап эл  арасында жүргөн үчүн, өзүм үч балага эне болгон үчүн карапайым калктын көйгөйлөрүн, социалдык абалын,  аялдар менен балдардын маселелерин  жана маданият тармагындагы көйгөйлөрдү жакшы билем. Андыктан, көзүм көрүп, акылым туйган жагдайларды жакшыртууга салым кошуу үчүн, эл үнүн тийиштүү тармакка жеткирүү үчүн саясатка аралашууну туура деп таптым жана шаардык кеңешке аттанууга бел байладым.

--Жергиликтүү ММКлардын маалыматтары менен макулсузбу?

--Чыгармачылык жолдо болгон соң ар дайым массалык маалымат каражаттары менен тыгыз иштешип келем. Алардын көмөгү менен ырларым жалпы журтка жетип, эмгектерим  элге тарап көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айландым. Бирок беш кол тең эмес дегендей адамдын эмгегин тепселеп, журналисттик этиканы сактабай, принципиалдуулуктан тайып, атайлап акты ылайлап, чындыкты бурмалап, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн кара пиар менен алектенген айрым сайттарга таң калып бүтпөй келемин. Алар  азыртан эле  чабуул башташты.

--Демек, өзүңүзгө болгон “кара пиар” башталганын сезип турасыз...

--Жалпыга маалым болгондой, буга чейин күн-түнү уктабай, чоң жоопкерчиликти мойнума алып, кыргыз  элин өнөр менен  даңазалоону максат кылып, Кыргызстандын атынан барып Ташкентке, Москвага Кремлге концерт койгонумда бир ооз жакшы сөз айтууга жарабай, ооздоруна  коргошун куюп алган сайттар менен ичине таруу тегеренбеген  айрым бир журналисттер эмитен эле каралоонун түрдүү тактикасын, жолдорун издеп убаракерчилик тарта башташты. Кыргызда “чапкан сайын көз чыга бербейт” деген кеп бар.

--Мүмкүн ар кандай сын-пикирилердин пайдалуу жактарын көрүп, кимдин кандай экенин билип же сезип жаткандырсыз...

--Ооба, өмүр жеңиш менен жеңилүүлөрдөн, ак каранын күрөшүнөн турат экен. "Сулайман Тоо" музейине жана музыкалык окуу жайга байланышкан окуялар мага өмүрүмдөгү чоң  сыноо болду.  Сыноонун арты менен айланамдагы айрым адамдардын анык жүзүн көрдүм, талантымды баалаган асылдарды тааныдым башкысы мен сынбадым, тескерисинче, курчудум, кемтигимди толтуруп, өзүмдү дагы өстүрүүгө салым кылдым. Эң башкысы бактылуу энемин, үй-бүлөөлүү аял затымын.

--Буюрса, саясатка аралашасыз, өлкөдөгү саясый кырдаалдарга көз салып турат экенсиз да...

--Албетте, өлкөдөгү ар бир саясий кырдаалга кайдыгер эмесмин жана эч качан унчукпай турбаймын. Мен Кыргызстандын жаранымын, Мекенимди сүйөм. Ата-бабалардын улуу наркы сакталган Ала-Тоодо ар дайым тынчтык болсун, ар бир үйдө, ар бир жарандын жүрөгүндө бактылуулук орносун. Өлкөбүз гүлдөп өсүп, кошуна мамлекеттерге тең ата болушун жана балдарыбыз билимдүү болушун каалайм!

--Рахмат, ишиңизге ийгилик!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости