www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун жайылуусу Түштүк Кореяда онлайн-дүкөндөргө суроо-талапты күчөттү.  Бул тууралуу Кей-би-эс телеканалы билдирди.

Маалыматка караганда, адамдар дүкөндөргө баруудан качып, жапырт интернет дүкөндөрдүн кызматынан пайдаланууга өтүштү. Медициналык беткаптарга, дезинфекциялоочу заттарга жана узак сакталуучу азык-түлүктөргө, тез даярдалуучу тамактарга суроо-талап көбөйгөн. Айрым интернет дүкөндөр кардарларын тиешелүү деңгээлде товар менен камсыз кылууга жетишпей, ишин токтотууга мажбур болушту.

Түштүк Кореядагы ири онлайн дүкөндөрдүн бири Coupang кампасында азык-түлүк калбай калганына байланыштуу ишин токтоткон. Жеткирүү кызматтары буйрутмалардын көптүгүнөн кардарларга товар ташып, жетишпей жатышканы айтылууда.

Дагы бир онлайн дүкөн Gmarket 20-февралдан бери буйрутмалардын саны 150% көбөйгөнүн маалымдады.

Белгилей кетсек, өлкөдө 893 адам ооруну жуктуруп алган. 7 киши көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости