www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-февралда Жогорку сот укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын карайт. Бул тууралуу анын адвокаты Валерьян Вахитов "Азаттыкка" билдирди.

"Кассациялык арыз Чүй облустук сотунун 2016-жылы 29-январда чыгарган чечимине карата берилген. Сиздер билгендей, 2016-жылы 24-январда Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишиндеги жаңы ачылган жагдайларды карап, 2010-жылкы Базар-Коргон райондук сотунун «өмүр бою эркинен ажыратылсын» деп чыгарган өкүмүн күчүндө калтырган".

Белгилей кетсек, Азимжан Аскаров 21-февраль күнү коомчулукка кайрылуу таратып, бүгүнкү териштирүүгө катышарынан күмөнү бардыгын белгилеп, кайрылуусун сотто сүйлөөчү сөзү катары жарыялаганын билдирген. Адвокаттын айтуусунда, Жогорку сот айыпталуучунун катышуусуз эле ишти кароого укуктуу. Бирок Аскаровдун каалоосуна жараша сотко анын катышуусу тууралуу өтүнүч берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости