www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун жайылышы дүйнө жүзүндө июнь айына чейин токтойт. Бул тууралуу  Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин атайын эксперттик комиссиясынын башчысы Чжун Наньшандын айтканына таянып, РИА Новости жазып чыкты.

"Коронавирус оорусу дүйнө жүзүнө июнь айына чейин жайылганын токтотот. Коронавирус менен каршы күрөшүүдө басым экспортко түрткү бериши ыктымал”, - деди Чжун Наньшань.

Кытайдын Ухань шаарынан тараган коронавирус, 3 ай аралыгында эле 100дөн ашык мамлекетке жайылып кетти. 

Маалыматка караганда, акыркы бир сутканын ичинде COVID-19 коронавирусун дагы 4 миңдей киши жуктурду. Бирок алардын көбү Кытайдан тышкаркы мамлекеттерде.

Италияда коронавирус жуктургандардын саны 8-март күнү 5883 болсо, бүгүн 7375ке жетти. Түштүк Кореяда бул көрсөткүчтөр 7134төн 7382ге, Иранда 5423төн 6566га көтөрүлдү. Ошондой эле вируска кабылгандар Франция (1209 киши) менен Германияда (1040 киши) көбөйүп кеткенин байкоого болот. Негизинен 9-марттагы маалыматка караганда, коронавирус жайылган мамлекеттердин саны 100дөн ашты.

Ал эми Кытайда абал турукташып калды. Тагыраагы, бир нече күндөн бери жуктургандардын саны 80 миңден аша элек. 9-мартка карата Кытайда коронавирус менен жалпысынан 80 миң 735 адам жабыркаса, 3 миң 107 адам каза болду.

Дүйнө жүзү боюнча статистикага токтолсок, коронавирустан жалпысынан 109 миң 965 адам жабыркап жатса, каза болгондор 3 миң 824кө жетти. Ал эми айыккандардын саны 61 миң 941 адамды түзөт.

Эске сала кетсек, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДССУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус COVID-19 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыялаган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости