www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Рысбай Аматов өзүнүн баракчасына гей, гей, лесбиянкаларга, гендердик укукту коргойбуз дегендер тууралуу өз пикирин жазып чыкты.

"Бүгүнкү аял затынын майрамын бүтүн дүйнө белгилеген күн, көгүш жана кырмызы адашкандар элдин маанайын түшүрүп мени аябай чочутту. Бийликке сын пикир айтуу же жарандардын укугун коргоо деген такыр башка маселелер. Эртеңки күн кандай болот урматтуу кыргыз элим? Үй-бүлө баалулуктарын кийинки муун кантип кабылдайт? Ар бир коомдогу ачык кубулуштар эртели-кечпи сөзсүз өзүнүн түшүмүн берет. Жакшы жакка үндөгөн кыймылдар элдин өнүгүп өсүшүнө, ал эми үй-бүлө баалуулуктарын бузуу үчүн жасалган кыймылдар сөзсүз өзүнүн кесепетин жана зыянын берет. Орто Азия мамлекеттеринин арасынан биздин өлкөдө гана аял киши президент болду. Кыргызда "Бейиш эненин таман астында" “Аял бул үйдүн куту", "Кыздын кырк чачы улуу", “Аял жакшы - эр жакшы, вазир жакшы - хан жакшы" - деп аял затын ар дайым сый урмат менен баалап келген эл.

Биздин мамлекетте эң кымбат бул биздин маданиятыбыз жана үй-бүлө баалуулуктары деп эсептейм. Үй-бүлөдө ынтымакчылык жана бактылуулук болгондо гана мамлекеттүүлүк болот. Бактылуу үй-бүлөлөр жок мамлекет бул жокко эсе мамлекет. Номур биринчи жана экинчи ата-эне деген түшүнүк кыргызга тиешеси жок норма. Ошондуктан урматтуу кыргыз элим мындай көгүш эл бузарларга Кыргызстанда орун жок",-дейт Рысбай Аматов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости