www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз ырчылардын алдыңкы сабында турган, өзүнүн  бетке айткан мүнөзү менен айрымаланган, сүрдүү, кармаган жерин калчылдаткан белгилүү ырчы, Бек Борбиев саясатка келет деген сөз тарады. Буга чейин деле аты аталган ырчы өзүнүн социалдык тармагы аркылуу катылгандын катыгын берип, асылгандарды ордуна олтургузуп келген.

Бек Борбиев саясат тууралуу өзүнүн кезектеги шилтемесин социалдык тармагы аркылуу жазып чыкты.

“Саясатка барсан алдоого, калп айтканга, эки жуздуулукко, принциби жок ойлонууга даяр бол. Анткени саясат ошондой деген аныктама биздин коомго сиңип калыптыр. Саясатчы - тазалыгы, чындыгы менен элдик боло алат деген түшүнүк кайда!? Тазалануу керек Ала Тоо...”-деген пикирин жазып чыкты. Ага жооп катары ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов Беродор Сманович, биз да билебиз сиздин акчалуулардын партиясы менен келе жатканызды. Сиз да шайлоочусу жок депутаттардын катарын толуктап калышыңыз мүмкүн. Жөжөнү күздө санайбыз.

Бек Борбиев баса, жөжө демекчи...Партиянын түсүн жөжөнүн түсүнө өзгөртүпсүңөр. Демек партиянын жалпы максаты «эптеп бийликке жетүү» эмес, элге кызмат кылуу болуп өзгөрсө керек деген ниеттебиз. Алдыдагы шайлоодо ийгилик! Алтыке, «Бир болдо» өзгөчө көп, шайлоочусу жок депутаттар, билебиз. Балким алардын акчасы көп болушу мүмкүн… Акча-бул добуш принциби менен карап жаткан болсоңор, анда туура эле. Акчалуулар өлөнү парламенттен башкарып, каалагандай калчап келатканы бул факт. Арга жок… Бирок бир күнү акчасы жоктор барып калышы мүмкүн”-деп айтышкан эки белгилүү инсан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости