www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш иши жети айда иликтенип бүтүп, Биринчи май райондук сотуна өткөрүлдү. Алгачкы соттук отурумдар башталды. Кимдер күнөөлүү деп эсептейсиз?

-- Кой-Таш окуясы тууралуу кеп болгондо эле, “ким күнөөлүү?”-деген суроо кошо жаңырат. Коомчулукта ар түркүн пикирлер айтылып келет. “Күч структураларынын ич ара келишпестигинен улам, чала сабат даярдалган операция ошондой ийгиликсиз, адам өлүмү менен, көптөгөн адамдардын жаракат алуусу менен аяктады”-деген пикирлерди угуп жүрөбүз. Бирок, кандай жагынан алып, кимдерди күнөөлөгөнүбүзгө карабастан, Алмазбек Атамбаев окуянын негизги күнөөкөрү катары кала берет. Анткени ал ушундай кагылышууга ачыктан-ачык даярданып, элди чогултуп, күн алыс букаларды союп, аш басып, акча таратып жатканын эл көрүп турду. Мыйзамды сыйлап, суракка барып койсо болот беле? Жок дегенде Кой-Ташка келип, үйүнөн сурак кылалы дегенде көнүш керек эле да... Ага да макул болбоду. Себеби анын оюу башка болгон. Ал тополоң салып, көтөрүлүш жасап, бийликти кайра алганга аракеттенип жаткан... Негизи ким канчалык деңгээлде күнөөлү экенин сот аныктайт. Эми мына, сот жаңыдан башталып жатат. Соттун өкүмүнө чейин андай-мындай деп бүтүм чыгаруу эртелик кылат.

-- Өткөн жумада «Ала-Тоо» аянтында болуп өткөн Садыр Жапаровду колдогон митингди кандай бааладыңыз?

-- Кыргыз элинен башка, мурдагы совет өлкөсүнүн курамынан чыккан Орто Азия республикаларынын биринде да мындай, кыргыз элиндей, эркин чогулуп митинг өткөрүү укуктары, тажырыйбасы жок. Таажиктер эркиндик деп көчөгө чыгышкан - миңдеген адам кырылып, көп жылдык граждандык согушка айланып, арты кайра эле авторитардык режимде отурушат. Өзбектер баш көтөргөндө Ислам Каримов Анжиянда миңдеген адамдарды булдозер менен көөмп тынчытты. Казак эли да ондогон жылдар бойу эркин элдик жыйын, митинг көксөп, жабыркап келет. Жаңы-Өзөндө миңдеген адамдар кырылды. Казак бийлиги катуу чараларды көрүп, тыйып, уюштуруучуларды камап, соттоп, түрмөлөрдө чиритүүдө. Түркмөн башыны айтпай эле коёлу, ал эми элдин да, жердин да, малдын да ээси. Өзүнчө эле Кудайдын өкүлү. Эми бул митинг деген, кандай айткан күндө да бул биздин өлкөнүн, биздин элдин жетишкендиктеринин бири. Элдин ошондой чогулуп, талаптарын айтканга, нааразычылык билдиргенге акысы бар. Бул демократиянын айрып алгыс көрүнүшү. Ансыз болбойт. Эч ким “силерде демократия бар” дебейт. Митингдер бизге өткөн кылымдын 90-жылдарында СССР Коммунистик партиянсынын кайра куруусунун жел аргысы менен келди. Ошондон бери чоң, кичине, провакациялуу, тынч, бийлик кулаткан, айтор канча митингдерди баштан кечирдик. Айтор, кырылып-кыйрабай, тынч митинговат этип, көйгөйлөрүбүздү ачыкка чыгарып, үнүбүздү ушундай жол менен бийликке жеткизгенге акыбыз бар. Ошондой митиңдер ар дайым болуп эле жатат.

-- Эми кечээки 2-марттагы митингде провакация болуп, милиция атайын каражаттарды колдонуп, күч менен кууп таркатты, көп адам кармалды, жаракат алгандар да бар экен. Буга кандай баа берээр элеңиз?

-- Өнүккөн Европа мамлекеттеринде да массалык акциялар чектен чыгып баратса ошондой ыкма, суу, газ, резинка ок менен кууп таркатканын көрүп эле жүрөбүз. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мамлекеттик бийликтин түздөн түз милдети. Митингге чыкпаган, калган тынч жаткан элдин коопсуздугун, бейпилдигин камсыздашы керек да. Эми ушундай, кээде, 2-марттагыдай, начар уюштурулган, баш аламан, провакация менен коштолгон митингдер да болот. Андайды ардайым, -элдин көптүгүнөн пайдаланып, кызуу кандуу толпаны ар кандай мыйзам бузууларга, төңкөрүшкө тымызын тукуруп, саясый туруктуулуктуу бузуп, чаң-тополоң уюштуруп, бийликти алсыратып, анан барып ултиматум жолу менен кандайдыр бир саясый топтун талаптарын чечүүнү максат кылгандар-жасашат. Акыркы митингде деле ошондой болду. “Садыр Жапаровду бошоткула”-дегендер канчалык аракет кылып, “провакатор өңдөнгөндөрдү” кууп чыгымыш болуп аткандарын да көрдүк. Толк чыкпады. Накта провакаторлор плакат менен келбейт экен. Уюштуруучулар ушуну эске алышкан эмес. Ошондой тобокелчилик бар экенин, башка, бийликке каршы чагым жасагысы келген саясый күчтөр бар экенин көптөгөн эксперттер айтып жатышты. Аны камактагы Садыр Жапаров да түшүнүп кайрылуу жасады. Уюштуруучулар да он толгонушту. Бирок делбеленип калгандарга көмүскө уюштуруучулардын таасири жогору болду, токтото алышкан жок. Акыры провакаторлорго жем болушту. Митингдин башында бул тууралуу жеткиликтүү айтып, түшүндүрүп, “арабызда провакаторлор бар экен, саат 16-00 дө тарайбыз, ошондо ким кетпесе алар провакаторлор, алар үчүн биз жоопкер эмеспиз, алар менен укук коргоо органдары иштешсин” деп баса баса айтып элге түшүндүрүп, анан убагы келгенде митингди жабык деп жарыялап, ээрчигенин ээрчитип аянттан алып кетүү керек эле. Кетпегени өзүлөрү башка статуска өтүп калмак.

-- Камака алынгандар тууралуу кандай дейсиз? Каныбек Осмоналиев агайга бийликти басып алууга аракеттенген деген айыптоо коюлганына кандай карайсыз?

-- Эми кармалгандардын баарына, албетте мыйзам чегинде чаралар көрүлүшү керек. Бирок жанагыдай оор айыптоо менимче туура эмес. Бул эми жоруктарга эле кирет, штрафтар менен чектелиш керек. Ошол эле сабак болот. Көбүн эсе ошондой жол менен кетиришти окшойт. Каныбек байкени баарыбыз эле тааныйбыз. Ал киши илимдин, билимдин адамы, тынч киши. Өңгө тополоң, төңкөрүш десе да Каныбек Осмоналиев “жок болбойт”-деп каршы чыга турган адам.  Просто ал ушундай кырдаалга кептелип калды. Саясатчыны кумир тутуп алып, ошол ишке баш оту менен кирип алды. А киши чындык, акыйкаттык үчүн тикесинен тик туруп берет, бирок мыйзамсыз аракеттерге, төңкөрүш, жашыруун сүйлөшүү дегенге барчу адам эмес. Садырдын кайрылуусунан кийин провакация болорун билип, жыйын өткөрүп, токтотууга аракет кылды, колунан келбеди. Алданды, адашты...Ошондон кийин “сакалдуу башы менен качып кетти, деген атка калганча барайын, ошол жерден тынч таркатканга аракет кылайын”-деп келди. Тилеке каршы ал аракети онунан чыккан жок. Андыктан, Каныбек Осмоналиевди канчалык төңкөрүшчү кылгыбыз келсе да кыла албайбыз. Эл ишенбейт. Андан көрөкчө укук коргоо органдары накта бийликти кулаткысы келгендерди, провакаторлорду козуткандарды кармасын. Акча тараткандарды, транспорт менен камсыздагандарды аныкташса эле табылат да алар.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости