www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун жаңы белгисиз кесепеттери кайсылар?

Болжолдуу түрдө коронавирус менен байланышы бар делген жаңы MIS-A синдрому COVID-19дун жалгыз кесепети эмес. Бул тууралуу инфекционист Николай Малышев билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

"Коронавирус аз изилденген белгисиз вирус болгондуктан мындай көрүнүштөр чыга берет. COVID-19дун белгисиз сырлары көп. Мындан улам бир топ кыйынчылыктарга кабылышыбыз мүмкүн", — деди ал.

Жакында эле белгилүү болгондой, MIS-A сезгенүүчү синдрому мурда балдардан табылса, азыр коронавирус менен ооруп айыккан чоңдордон да табыла баштаган.

Инфекционист Валерий Безносенко белгилегендей, коронавирустун кесепети аз иликтенгендиктен тобокелдик тобундагыларды жана вирустун пайда болуусуна таасир этүүчү факторлорду аныктоодо дарыгерлер түйшөлүп турат.

"Өнүгүүнүн бардык механизмдери тууралуу айтуу кыйыныраак, бирок ал денедеги клеткаларына "кол сала" баштаганда иммундук системада мүчүлүштүк пайда болот", — деди ал.

Окумуштуулар аныктагандай, MIS-A COVID-19 симптому жуккандан 14-37 сутка өткөндөн кийин организмде пайда болот. Мындай жол менен изилдөөчүлөр синдром коронавирустун оор түрүнө кирерин же "инфекциядан кийинки процесс" экендигин айта албай жатышат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, дүйнөдө COVID-19 жуктурган 34,7 миллион учур катталган. Миллиондон ашык адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости