www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада “Бүтүн Кыргызстан” алдыга чыкты

Орусиянын борбору Москва шаарында үч тилке ачылып, 4075 адам добуш берүүгө үлгүрдү. Москвадагы электрондук урналардын алгачкы жыйынтыгы интернетке жарыяланды.

Добуштардын жарымынан көбү, же 2252 шайлоочу “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы үчүн берилген. Экинчи орунду 581 добуш менен “Мекенчил” партиясы камсыздаган. Ал эми “Ата Мекен” партиясы 267 добуш алып, үчүнчү орунда.

Республикалык жалпы жыйынтыкта ийгилик жаратып, биринчи орунду алганы көрсөтүлгөн “Биримдик” 58, ал эми “Мекеним Кыргызстан” 28 добуш алышкан.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөрүлүп, алдын ала эсеп боюнча парламентке өтүүгө мүмкүнчүлүк ачкан 7% босогону төрт партия “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Бүтүн Кыргызстан” өтүштү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости