www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баш прокурор Индира Жолдубаеваны ээлеген кызматынан бошотуу сунушу менен президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке кайрылганы белгилүү. Мындай сунуштаманы жолдоого башкы себеп – Баш прокуратурага карата коомчулуктун ишеними жоголуп, нааразычылыктар көбөйгөнү, катардагы жарандардын укуктары бузулуп атканы негиз болгон. Ошол эле убакта 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчысы тарабынан коюлган талаптардын тиешелүү деңгээлде аткарылбаганы да кошумча болду.

Бул сунуштаманы Жогорку Кеңеш карап чыгып, аягында добушка коюлган. Натыйжада 105 депутат И. Жолдубаеваны кызматтан алууну колдосо, 2 депутат «каршы» болуп, 3 депутат добуш бербей, 9 депутат жыйынга катышкан эмес. Албетте, «каршы» добуш берген 2 депутат кандай болгон күндө да өз позицияларын билдирди.

Бирок, алардын карманган позициялары карапайым элдин кызыкчылыгы менен дал келбей тургандыгын көрсөттү. Ал эми жыйынга катышып туруп добуш беришпеген жана жыйынга катышпай койгон депутаттар «Эртең эмне болуп кетет болду экен?» деген этияттанууларын жасаганы белгилүү болду. Ошондо мына ушул элдин кызыкчылыгы, элдин үмүтү менен айкалышпаган позицияны карманган депутаттардын парламентте отурганы туура болобу? Албетте, азыр алардан эч ким мандатын талашпайт. Бирок, эртең эле шайлоо болгондо эл өзү аларды элеп аларынан шек жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости