www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-беренеси (менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууда, салык, бажы же лицензиялык ишмердүүлүктөрдү жүзөгө ашырууда кызматтык абалды мыйзамсыз пайдалануу) боюнча кылмышка шектүү делип Маммүлктү башкаруу боюнча Фонддун экс-башчысы Болсунбек Казаков ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кармалганы маалым болду.

ИИМдин маалымат кызматынын билдиришине караганда, буга чейин маалымат булактарында Бакиевдердин вип-шаарчаларынын сатылышы, ошондой эле аукциондун жеңүүчү - «ВостокТехКомплект» компаниясы боюнча бир нече жолу макалалар жарыяланган.

Баш прокуратура «Идеал Хаус» вип-шаарчасынын менчиктештирилген фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул мамлекеттик мүлк өтө арзан баада сатылган деген шек жаралган. Бул вип-шаарчанын алгачкы баасы 242 млн сом деп бааланса, ал 9 жолу сатыкка коюлу менен аягында болгону 142 млн сомго сатылып кеткен.

Ошентип президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабынан кийин ИИМ мына ушундай мамлекетке зыян алып келген ири иштердин бетин ачууга катуу киришүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости