www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-мартта “Казатомпром” компаниясынын мурдагы жетекчиси Мухтар Жакишев абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулду. Бул туралуу казак басылмалары билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, Семей шаарындагы колониянын дарбазасынын жанында аны тарапташтары, активисттер тосуп алышты. 11 жыл түрмөдө отуруп чыккан Жакишев Алматыга барарын айткан. Жаза мөөнөтүнүн дээрлик жарымын ал Улуттук коопсуздук комитетинин изоляторунда, кийин Ички иштер министрлигинин ТИЗОсунда отурду.

Эске сала кетсек, Жакишев 2009- жылы коррупцияга айыпталып 14 жылга кесилген. Укук коргоочулар жана жактоочулары ал ишти саясий деп сыпаттап келишет.

Мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу өтүнүчтөр буга чейин канааттандырылган эмес. Быйыл 3-мартта сот кабыл алган чечимге ылайык, калган 3 жыл 2 ай жана 17 күн Жакишев пробациялык көзөмөлдө болмокчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости