www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө  Кыргызстанда Сауд Арабиядан келген 142 киши обсервацияда жаткандыгын КРнын Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирген эле.  Алардын облус боюнча саны: Баткенде- 8, Жалал-Абадда- 48, Ошто- 64, Чүйдө- 4, Нарында- 1, Ысык-Көлдө-1, Бишкекте- 19 киши обсервацияга алынган.

Обсервацияга алынган Сауд Арабиясына барган баткендик 8 жарандын анализинен коронавирус чыккан жок. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8 жаран Сузак районундагы коронавирус илдети табылган үч жаран менен чогуу бир учакта Кыргыз өлкөсүнө келишкен.

Эске сала кетсек, бүгүн, 19-мартта Нур-Султан шаарында дагы 7 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ушуну менен өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, коронавирус менен жабыркагандардын жалпы саны Казакстанда 44кө жетти.

Азыркы тапта жабырлануучулардын 25и Нур-Султан шаарында, 19у Алматы шаарында катталды. Алматы шаарындагы инфекциялык ооруканада жаткандардын биринин абалы оорлошуп кеткени кабарланды. Мындан тышкары дагы эки Казак жараны коронавирус менен жабыркап, анын бири Германияда, экинчиси Венгрияда дарыланып жатканы кабарланды. Ал эми Өзбекстанда 23 киши аталган илдеттен жабыркап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости