www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 24-ноябрда депутат Дастан Бекешев өзүнүн Телеграм каналында президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан камакка алынгандыгы жөнүндө маалыматка өзүнүн пикирин билдирди.
Анын айтымында, Курманбек Дыйканбаев экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен байланышы бар деп эсептелген “Биримдик” партиясынын мүчөсү болгон.
Дастан Бекешев мамлекет башчынын ЖКдагы ыйгарым укуктуу өкүлү абдан такыба адам болгонун, ал күнүнө беш маал намаз окугандыгын айтты.
“Ошол эле учурда Курманбек Дыйканбаев президенттин атынан же өз алдынча, депутаттарды тигил же бул мыйзам долбооруна макул же каршы добуш берүүгө үндөгөн. Бирок мага саясаттын эч кандай тиешеси жоктой сезилет. Дыйканбаев ар кандай тапшырмаларды аткарган. Жакында ал Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүү демилгеси боюнча кол топтоп жүргөн”, – деди Дастан Бекешев.
Эске салсак, кечээ күнү 7 млн сом пара алуу фактысы боюнча Президенттин ЖКдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев камакка алынган.
Булак: NazarNews.kg