www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ШТАБ: COVID-19 боюнча жаңы статистика

Өткөн суткада коронавирус 378 кишиден табылып, 455 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Мурдагыдай эле жуктургандардын саны боюнча Бишкек шаары менен Чүй облусу алдыда келе жатат. Өткөн айларда ооругандар көп катталган түштүк региондо ооругандардын саны азайып калды.

Жуктургандар:

Бишкек шаары – 80;

Ош шаары – 11;

Чүй облусу – 111;

Ош облусу – 45;

Талас облусу – 11;

Нарын облусу – 10;

Ысык-Көл облусу – 28;

Жалал-Абад облусу – 54;

Баткен облусу – 28.

Айыккандар:

Бишкек шаары – 111;

Ош шаары – 13;

Чүй облусу – 68;

Ош облусу – 53;

Талас облусу – 32;

Нарын облусу – 13;

Ысык-Көл облусу – 63;

Жалал-Абад облусу – 56;

Баткен облусу – 46.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 70 744 болду. Анын ичинен 62 048 бейтап айыккан. Кечээ дагы төрт адам каза таап, оорудан көз жумгандардын саны 1 245ке жетти.

Бир сутка ичинде 11 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

Алар:

Бишкек шаары – 1;

Чүй облусу – 1;

Ош шаары – 1;

Ош облусу – 5;

Ысык-Көл облусу– 2;

Нарын облусу– 1.

Ал эми бир суткада үй карантининен беш, стационардан үч медкызматкер чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости