www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкор районунда 19 жаштагы кыз жол кырсыгынан каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, 23-ноябрда саат 22.10дор чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 243-чакырымында, Төлөк айылында ДЭУ Нексия үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, атты сүзүп, андан соң жолдун четине чыгып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2001-жылы туулган кыз каза болуп, 1993, 1997 жана 1999-жылы туулган үч жигит жаракат алышкан. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жабыркагандардын унаадан чыгуусуна жардам беришкен, ошондой эле маркумдун сөөгүн алып чыгышкан.

Каза болгон жаран Талас облусунун тургуну, жабыркагандар Нарын облусунун Ак-Талаа районунун жашоочулары болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости