www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин доорунда коррупцияга сүңгүп кирип, артын булгап алган Данияр Нарымбаевди билесиңер да. Кылтакка илинип, темир тор артына отуруп калганда биздин гезитке «күнү түшүп», байма-бай өзүн актаган материалдарды жөнөттүрүп турган.
Мойнундагы жазадан кутулган соң алгач экс-шефинин каарынан жалтактагансып бизге интервью бербей, өткөн жылдын декабрында (Атамбаев бийликтен кеткен соң) маек берүүгө макул болгонсуп жатты эле, акыры АШАнын таасири жоголо электигинен уламбы, гезитке чыгуудан баш тарткан.
Жакында кайрадан байланышканыбызда Данияр Ильич эл аралык долбоорлорго ишке киргенин, эреже боюнча ал жакта иштеп туруп, интервью берүүгө болбостугунан кабардар болдук.
Кай бийлик болбосун колтугуна кирип, кызмат алганга уста неме саясый карьерасына сугалактыгынын айынан чекит койбогондо, бул президенттин доорунда деле эң болбоду дегенде аппараттан кызмат алып, майланыша отуруп калмакпы, кайран пенде!
Булак: "Азия Ньюс"