www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу Ирандын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады.
Жарым-жартылай расмий “Тасним” агенттиги Аббас Жафари Долотабади деген прокурорго шилтеме кылып билдиргендей, ал аял “коомдук жерде хижабын чечүү аркылуу коррупцияны колдоого аракеттенген”.
Айрым кабарларда соттолгон аялдын ысымы Наргиз Хуссейни, жашы 32де экени айтылат. Ал Иранда аялдардын хижабды милдеттүү кийишине каршы жакындагы нааразылык акцияларынын учурунда кармалган.
Буга чейин Иранда "коомдук жайларда башын талаптагыдай жаап жүргөн жок" деген жүйө менен камакка алынган аялдар тез эле бошотулуп же кыска мөөнөткө соттолуп, 25 долларга айыпка жыгылчу.
Быйыл жыл башында Ирандын бийлиги милдеттүү хижабга каршы өнөктүктүн алкагында коомдук жерде жоолугун чечкен 29 аял кармалганын жарыялаган.
Иран полициясы алар "чет өлкөдөгү ирандыктардын үгүтүнө азгырылды” деп ырастаган болчу.
АКШнын Мамлекеттик департаменти аялдардын камакка алынышын айыптаган. "Эл аралык мунапыс" уюму иран бийлигин милдеттүү хижабга каршы чыккан аялдарды куугунтуктоону токтотууга чакырган.
Аялдарды коомдук жайларда дене-башын жаап жүрүүгө милдеттендирген эреже Иранда 1979-жылкы Ислам ыңкылабынан кийин киргизилген. Бул эрежени бузгандарга каршы моралдык полиция чара көрөт.
Булак: NazarNews.kg