www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин президент С. Жээнбековдун демилгеси менен коррупцияга каршы күрөштөн кайтарылган каражаттарды которуу үчүн финансы министрлиги өзүнчө депозиттик эсеп ачканы. Мына ушул эсепке бүгүнкү күнгө чейин УКМК менен Башкы прокуратура 168,5 млн сом которушканы белгилүү болду.

18-июль күнү Башкы прокуратура кезектеги 20 млн 324 миң сом акча каражатын атайын эсепке которду. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди. Буга чейин 11-июлда Башкы прокуратура коррупциялык кылмыштардан кайтарылган 39 млн сомду атайын эсепке которгон.

Анын эртеси 12-июлда УКМК өзүнүн кезектеги 13,3 млн сомун которгон. Ага чейин да УКМКнын кызматкерлери тарабынан депозиттик эсепке 95,9 млн сом которулганы белгилүү болгон.

Ошентип бүгүнкү күнгө чейин коррупцияга каршы күрөштүн алкагындагы УКМКнын жүргүзүп аткан ишмердүүлүгүнүн натыйжасында мамлекетке кайтарылган акча каражатынын суммасы 109,2 млн сомду түздү. Ал эми калганын Башкы прокуратура которгон.

Атайын эсепке которулган акчалар жалпы коомчулуктун көзөмөлүндө болот. Ал каражаттар кайда жумшала турганы да, канчасы жумшала турганы да ачык-айкын маалымдар болуп турмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости