www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура коррупционерлерден өндүрүлгөн каражаттарды топтоо үчүн ачылган банктык эсепке дагы 20 млн 324 миң сом түшүрдү. Бул каражат экономикалык жана кызматтык кылмыштар боюнча мамлекетке келтирилген зыяндарды ордуна коюу боюнча кылмыш иштеринин алкагында өндүрүлгөн. Бирок, мекеме каражат кайсы кылмышкерлерден өндүрүлгөнүн тактаган эмес.

Мурунку бийлик тушунда жогорку эшелондогу чиновниктердин сырттан келген миллиарддаган доллар инвестицияны оңду-солду чачып, жеке чөнтөктөрүнө солоп кетишкени ачыкталып, аларга карата кылмыш иштери козголгон.

Коррупциянын масштабы ченемсиз чоң болгондуктан, 3-июлда Каржы министрлиги коррупция менен күрөшүүдө мамлекетке келтирилген зыяндарды кайтаруу үчүн атайын эсеп ачкан. Ал эсепке буга чейин УКМК 95,9 млн, Башкы прокуратура 39 млн сом чогулткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости