www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) менен Салык мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ведомствонун маалыматына караганда, 20-февраль күнү Евразия экономикалык бирикмесине мүчө өлкөлөрдөн республикага мыйзамсыз товар киргизип турган туруктуу коррупциялык схеманын бети ачылган.
“Финполдун аймактык бөлүмүнүн жетекчилеринин бири Б.У.Р. менен Салык кызматынын А.С.М. аттуу жооптуу кызматкери колго түштү. Алар 2019-жылдан бери товарларды Кыргызстанга тоскоолдуксуз киргизип бергени үчүн акча алып турушкан деп шектелүүдө”,-деп айтылат маалыматта.
Эки кызматкер тең УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Булак: NazarNews.kg