www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кандай болгон күндө да бизнес менен шугулданып акчанын жытына каңылжаарын толтуруп, опсуз чартаңбай тепкендер баары бир саясатта көпкө карамалбасын түшүндүк. Буга мисалды алыстан издебей эле эки жыл мурда 600 миңге чукул добуш алып, президент болбой калган Өмүрбек Бабановду айтсак болот.
Эбегейсиз байлык топтоого жетишкен жигиттин бүгүнкү акыбалы мышык ыйлагандай дебесек да кыйла жешилди дегенге бап келет. Акыйкатта эле ажолук тактыны аябай каалаган мырза не деген байлыгынан кол жуубады дейсиң. Бир миллион добушту эңшерип алам деп “мелдешке” чыккан киши акчасын аямак беле? Анчалык шайлоону бапыраткан талапкерди мындан кийин көрбөшүбүз деле ыктымал. Өзүнө катуу ишенгендиктен бирок, майнап чыкпай калганы өкүнттү болуш керек каарманды. Чөмүчү да май, кашыгы да май болгон учурду кайра эптештирүүгө канча нерв, канча күч кетерине башыбыз жетпей турганы ырас. Көрсө азыркы саясатчынын акыл көрөңгөсү эмес оболу акчасы арбын болушу керектигин турмуш өзү тастыктап бербедиби?
Тилекке каршы саясий аренадан мындан кийин Өмүрбек Бабановду көрбөйбүз. “Республика” партиясы “жетим” калгандыктан баштагыдай шайлоодо күркүрөй албайт. Каражат тартыш жерде эл алдында мактанып, актанып сүйлөөгө кеңири жол ачылбайт. Андайда тартынып турушат, колунда жетиштүү токочу болбогон соң. Анткени элдин көзү биринчиден көтөргөн баштыгында болорун билебиз да. Ошого көндүрүп коюшкан саясатчылар. Демек, бул ирет болчу шайлоодо “Республикачылар” бирөөнүн этегине жармашып оокатын кылаары айныксыз. Азыркы лидер Мирлан Жээнчороевдин болсо дарамети ченелүү. Адамдарды деле ээрчитип алат дегендин өзү абсурд. Ошентип “жарды” партиянын акыбалы учурда оор. Калганын мезгили келгенде аныктап аларбыз, кандай дейсиңер?
Булак: "Ачык сөз"