www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияны колдогонубу же коргогонубу?

Кыргызстандагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында коррупциялык иштер менен кармалган окуялар көп болот. Ушул тапта 6 кызматкери пара алганы үчүн камакта отурса, бүгүн дагы 2 кызматкери пара менен кармалганы маалым болду. Мындай мекемеге акыркы учурларда иштебей кетип калган кызматкерлер көптүк кылууда. Учурда мекемеде 52 бош кызмат орду бар экен. Инспекциянын башчысы Мырзабек Жапаркулов болсо мындай болушун алардын айлык-маяналарынын аздыгы менен түшүндүрөт.

«Мен инспекцияга жаңыдан жетекчи болуп келерим менен эле кызматкерлерди таза иштеп, мекеменин аброюн көтөрүүгө чакырдым. Азыр алардын эмгек акылары өтө аз, айына 9-12 миң сомдон маяна алышат, ошондон улам болсо керек, кызматтан бошонгондор көп. Кызматкерлердин маянасы көтөрүлсө жакшы болмок», — деп арман күү чалат Мырзабек Жапаркулов.

Айлык маянасы көп азыр Кыргызстан кайсыл мекеме бар экен? Баары эле ушул абалда. Айлыкка шылтап, алдындагы коррупционерди колдоп жатканыбы же коргоп жатканыбы? Түшүнүп болбойт.

Булак: Факты.kg

Последние новости