www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошон үчүн сен жамгырсың...

Жамгыр, сен күздөн калган, куураган, чириген жалбырактар сымал эскирген кирдеген сезимдерди, чаң баскан сезимдерди тазалайсың. Карыган сезимдерди жашартасың .Тумчуккан сезимдерге, буулуккан сезимдерге, муңканган сезимдерге курбу болуп, бакыт тартуулайсың. Жалгызсыраган жүрөктөр менен сырдашасың. Ошон үчүн сен жамгырсың. Жаздын жамгырысың... Өзүнүн кооздугу менен, аңкыган жыпар жыты менен жашоону бейишке окшоштурган гүлдөрдү, апакай байчечекейди, кыпкызыл жоогазын, розаларды, жыты аңкыган сирендерди сен ачып бересиң. Ошон үчүн сен жамгырсың. Жаздын жамгырысың... Сен сүйүүгө, тамчылардай тунук, таза сүйүүлөргө күбө болосуң. Баардык тирүү жанга сен бактылуу көз ирмем болуп каласың. Сен ошон үчүн жамгырсың. Сен ошон үчүн жаздын жамгырысың... Алыста калган качанкы бактылуу күндөрдү эске саласың.

Эгер адам сезе билсе, жамгыр төккөндөн кийинки күн желесин караган кандай керемет! Жаздын жыты, жамгырдан кийинки аңкыган жыты кандай керемет! Ак жамгыр, төгө берчи! Туптунук тамчыларың мөлтүрөтүп тыйылбасын...  

Жамиля Нурманбетова 

Булак: "Азия Ньюс" 

Последние новости