www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы Энергетика министри Доскул Бекмурзаев динге ооп, динге кызмат кыла турганын билдирди. Сыягы, элдин ырыскысын ичип-жеген айбын Кудайга тобоо келтирип жууйун деп жаткан өңдөнөт. 

Дегенибиз, Бекмурзаевге коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголгон болчу. Натыйжада кызматынан алынып, бүгүнкү күндө мыйзам алдында жоопко тартылбай жүрөт. Муну бийликтин өң карама тандалма саясаты дейт. 

Негизи, бийликтен жолу болбогондор, же бийликте отуруп ичээрин ичип, жээрин жегендер менен арактан көзү ачылбагандар динчил болуп даават айтып калышса, коомчулук оңолгон тура деп кабылдашат. 

Дээринде коомдун агымына жараша хамелеондой түрүн өзгөрткөнгө жөндөмдүү Бекмурзаев саясий карьерасы тамам болгонун түшүнгөн соң, диний жаатта кадыр-барк күтүп, муфтий болгусу келип жаткан го. Болсун. Биринчи мыйзам алдында акталып, анан Жараткандын алдында күнөөсүн жеңилдетүүнү суранса, балким диндин кулу катары иши жүрүшөөр...

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости