www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мексикада нааразы болгон жарандар бюджеттик акча менен алдамчылыкка шектелген мэрдин уулдарын уурдап кетишкен. Бул тууралуу Perfil басылмасы жазып чыкты.
Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Митонтик шаарынын мэриФернандо Хосе Лопес 5,8 миллион песо (болжол менен 32,5 миллион рубль) уурдоого тиешеси бар. 13-августта белгисиз адамдар 24 жаштагы Фернандо Хосе Лопес менен 21 жаштагы Луис Армандо Лопести үйүнөн алып чыгып, Оксимао коммунасынын жанындагы тоого алып кетишкен. Кол салгандар жигиттердин ата-энеси менен байланышып, эгерде Фернандо Хосе Лопес уурдалган акчаны кайтарып бербесе, уулдарын тирүүлөй өрттөйбүз деп коркутушкандан. Мэрдин балдары менен бир убакта кылмышкерлер, алардын ою боюнча, коррупциялык схемага катышкан казыначы Эрасто Веласко Веласкести да уурдап кетишкен.
Ошол эле маалда кылмышкерлер Фернандо менен Луистин көздөрүн таңып алып, атасы акчаны уурдаганын айттырган видеону социалдык тармактарга жарыялашкан. Ошондой эле дагы бир видеодо казыначы Веласкес коммунага акча ташып баратканда кол салууга кабылганын жана азыр уурулардын өздүгүнөн эч кандай күмөн санабагандыгын айткан. Ал Лопести жана анын бухгалтерин уурулук үчүн жооптуу деп атаган.
13 күндүк туткундан кийин Каржы министрлиги шаарга керектүү акчаны берип, барымтадагылар бошотулган. Окуянын натыйжасында Чьяпас штатынын Башкы прокуратурасы күнөөлүүлөрдү табуу үчүн иликтөө иштерин баштады. Мэр уурулук боюнча күнөөсүн мойнуна ала элек жана барымтачылар аны бюджеттик акчанын жоголушу үчүн айыптоого мажбурлаганын айткан.
Булак: NazarNews.kg