www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, өзгөчө Ички иштер министри Улан Ниязбековго коомчулукта чоң суроо бар. Көптөн бери айтылып, жазылып келе жатат. Жыйынтык чыгарган жетекчилик жок.
Дегенибиз, биздин элге кызмат кылчу мамлекеттик органдардын кызматкерлери өз жарандарына өгөйдөй мамиле кылып, сырттан келгендерге упай топтоо максатында өзгөчө мамиле жасап өнтөлөшүп, ашкере сыйчыл болуп калышат. Минтип эки жүздүүлүк кылышпай эле мыйзам чегинде өздөрүнө тиешелүү болгон ыйгарым укуктарынын алкагында иштерин кылышса болбойбу?
Мына айталы, милиция кызматкерлери Кыргызстанга келген чет элдиктер, телефонун, акчасын, велосипед, чатырын, айтор, иши кылып буюм-тайымын жоготсо тез эле таап беришип, сүрөткө түшүп пиарлап калышат. Анан эле өзүбүздүн жарандар бир нерсесин жоготуп арыз менен кайрылышса эле эч качан табылбайт?
Ошондо, жоготконун табыш үчүн сөзсүз чет элдик болуш керекпи? Арийне, албетте, өлкөнүн аброюн сактап коноктордун бузулган укуктарын калыбына келтирип, жоготкондорун таап берген сооп иш. Бирок, кош стандарт кылып өзүбүздүн элге тагдырдын өгөй балдарындай кайдыгер мамиле кылган кантип жакшы болсун?
Ички иштер министри Улан Ниязбеков, милиция тармагындагы тамырлап кеткен өз элин сыйлабай, өзгөнү өнтөлөгөн чириген системаны сындырып, качан реформа кыласыңар? Ушул эл бар үчүн ошолордун эсебинен жан багып эл башкарып жатканыңарды түшүнө турган күнүңөр болобу?..
Булак: NazarNews.kg