www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кош бойлуу кездеги аялдардын психикасында көптөгөн өзгөрүүлөр орун алат. Өзгөчө, унутчаак болуп бара жатканы тууралуу көп айта берет. Бул – калптуу абал болуп саналат.

Бирок, кош бойлуу кездеги стресске жол бербеш керек. Коркунуч, убайым, таарыныч менен стресс сыяктуу терс жагдайлар курсактагу баланын жашоосуна, кош бойлуу аялдын психикасына да таасир берет.

Жакында окумуштуулар кош бойлуулук кездеги стресстин унутчаактыкка да учуратарын маалымдашты. Каттуу стресс аялдын эс-акылына да терс таасир тийгизет экен. Стресске учурабоо үчүн эмне кылуу керек?

Биринчиден, мүмкүн болушунча көбүрөөк жакшылык тууралуу ойлонуу, эс алууну үйрөнүү;

Экинчиден, убайымдарыңыз менен сезимдериңиз тууралуу жакын адамдар менен сүйлөшүү;

Үчүнчүдөн, жакшы маанайыңызды ачык билдирүү;

Төртүнчүдөн, денени бир калыпта машыктырууга да өзгөчө маани берүү керек;

Бешинчиден, туура тамактаныңыз. Ушуга байланыштуу организмдеги биохимиялык процесстердин көбү психологиялык абалга таасир берет

Булак: "Заман"

Последние новости