www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупционерлерди муунтуп кирген бийликке каршы чагым даярдалып жатканы тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда таркап жатат. Аларга кулак төшөсөк, ишенген табакташтары четинен камалып, ээрден шыпырылып жатканына жаны кашайган Атамбаев чагым салып, элдин көңүлүн башка жакка бурууга далбастап, конкреттүү план түзүп жаткан экен. Планга ылайык, жакынкы күндөрү Атамбаевди колдоп жүргөн активисттердин бир-экөөсү мыкаачылык менен өлтүрүлүп, аны бийликке шылтоо аракеттери болот жана кылмыш болгон жерге атайын кызматтын жашыруун бөлүмдөрүндө иштегендердин жасалма документтерин таштап, “бийлик Бакиевдин жолуна түштү” деген жалааны таркатышаары айтылат. Жакаңды карматкан бул маалыматта “Атамбаевди жата калып коргоп жүргөн Мээрбек Мискенбаев же Алга Кылычев садага чабылып калышы мүмкүн” экендиги жазылган.

“Телеграфта” атамбаевчилердин кутуму катары мындай версия жарыяланды: “каршылашкан тараптарды көчөгө алып чыгуу үчүн уюштуруучулар өздөрүнүн тарапташынын өлүмүн уюштуруу сыяктуу чектен тыш кадамдарга барууга да даяр. Андан ары “схема” боюнча күнөөнү бийликке шылтап салышмакчы. Атамбаев ушундай жол менен адамдарды курмандыкка чалууну көздөп жатат. Мындай иштерди уюштуруу кылмыш иштери козголуп, кызматынан айрылган Албек Ибраимовго жүктөлгөн” – деп жазат социалдык тармактагы белгисиз автор.

Ал эми “Компромат кг” баракчасында Айгүл Сатыкеева аттуу колдонуучу “Мискенбаевге кол салып бийликке шылтаганы жатыптыр, сак бол Мээрбек!” деген пост жазган.

Маалыматтын чын-төгүнү, албетте, талаштуу маселе, маалыматтар фейк аккаунттардан таратылып жаткандыктан ишениш кыйыныраак. Аны тактоо боюнча журналисттердин жасаган аракеттеринен азырынча жарытылуу майнап чыга элек. Мүмкүн кезектеги ушактардын биридир, а мүмкүн өзөгүндө чындыгы бардыр. Кандай болгондо да коомчулук кабардар болуп, атайын кызматтар чын-бышыгын иликтээр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости