www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаштайынан жүрөгүнө мекенчилдик уюган кишинин эл алдында жүзү дайыма жарык болот. Кайсыл мезгилде болсо да мамлекеттин, элдин башына кыйынчылык түшкөндө эч нерседен жалтанбай лидерлик сапаты менен көпчүлүктү артынан ээрчите алгандар саналуу эле.

Ошондойлор үчөө болсо алардын бири катары Темир Сариевди саноого толук мүмкүнчүлүк бар. Анткени кырчындай кезинен тарта түркүн интригаларды кенедей жабыштырбай үстүнөн алыс ыргытып жиберүүгө анын акылы, чечкиндүүлүгү, эр жүрөктүүлүгү шарт түздү. Эгерде анда күн карамалык, мажирөөлүк, өзүмчүлдүк сапат басымдуулук кылганда өкмөт башчылык кызматка түк жолотмок эмес.

Бирок, алысты көрүүгө, маселени заматта чечүүгө дарамети жеткендерди бийлик жактырбай, эптеп чалып жыгууга аракет кылары белгилүү болду. Болгондо да өзүнүн кара чечекей санаалаштарын тукуруп туруп чаап түшүүгө умтулганы бийликтин кадамдарынан ачык билинди.

Бийликтен кеткенине билинбей жылдар тогошту. Антсе да келечектен күдөр үзбөй, бирөөгө жалпаңдап кошомат кылбай, саясаттагы ордун жоготпой ийгиликтүү арыштары менен келатат. 7-апрелде болсо салтка айланып калган адатынан жазбай, Ата Бейиттеги шейит кеткен баатырларга куран түшүрүп, кайра келип Сокулуктун борборунда эскерүү иш-чарасын өткөрдү. Ошондо апрель коогалаңына катышып, тирүү калган жигиттер ар бир сөзүндө Темирди кошуп кетип жатканы бекерден эмес.

Себеби, 2010-жылкы апрел ыңкылабында Сокулуктун жаштары алдыңкы чекте болушуп, он эки уулунан ажыраган. Жылына ушул кайгылуу күндө мерт болгондорду эскерип, алардын энелерине, жесирлерине, бала-чакасына көмөк көрсөтүүнү унутта калтырбаганы чоң адамкерчилик эмей эмне? Тилекке каршы көптөгөн атка минерлер, көпөстөр апрелчилерди эстөөгө жарашпаганын да кээ бирлер сөзүнө кыстара кетишти. Чынында эле буга окшогондор келгендердин арасынан көрүнбөдү.

Арийне, Темир Сариев популисттик мүнөздөмөдөн сырткары. Ал дайыма адамдардын эртеңкисин ойлоого, өзүнүн топтолгон тажрыйбасын мамлекетке жумшоого умтулат. “Ак шумкар” партиясын жандандырып, катарына татыктуу жаштарды камтууга, таза шайлоо өткөрүүгө салымын кошууга бүткүл мээнетин багыттоого ниети бар. Демек, дагы далай саясаттагы аламан жарыштарга түшөөрү калетсиз. Негизи Кыргызстанды Темир Сариев сыяктуу мекенчилдер өнүктүрөт, өстүрөт дегенден терикпейбиз.

Булак: “Ачык сөз”

Последние новости