www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соңку кундөрү дайыны чыкпай кеткен Мелис Эшимканов жөнүндө ар кандай ушактарды угуп, өзүнө жолуга албай, бирок, кечке маал телефон аркылуу кыска суроолорду бергенге үлгүрдүк.
- Мелис Асаналиевич, «Замандаштын» лидери Мухтар Өмүракуновдун көзү өткөндөн кийин, сизди катуу кайгырып, «Манас» аэропортунан сөөгүн тосуп алганда бир саат ыйлаганыңызды, анан 20 күндөн бери «бутуңузга жем түшүп», «жинди суу» менен гана жалгыз сүйлөшүп калганыңызды айтып атышат. Ушул чынбы?
- Чын. Мухтарды бир тууган инимен да жакшы көрчүмүн. Кубага кетеринде үйүмөн үч саат мени менен кенен сырдашып отурду эле. Натыйжада, аны өлүмгө өзүм узаткандай айламды таппай жүрөм. Жүрөгүмдүн бир капшытын эңшерип кеткендей эле болду. Бирок, «жинди суунун» кучагынан чыга албай жүрө берсем, өзүм да соо калбасымды түшүнүп, эки-үч күндөн бери ички психологиялык кризистен чыгарыма аз калды. Душмаңдарым сүйүнбөй коё турушсун...
- А өткөн жума этегинде эски досуңуз Ибрагим Жунусовдун 50 жылдык тоюнда премьер-министрдин биринчи орун басары Бабанов тост сүйлөп атканда, сиз ордуңуздан кыйкырып, сөгүнүп, Өмүрбекти шылдыңдап, анын жансакчылары менен мушташып кеткениңизди уу-дуу сөз кылып атышат. Неге мындай кылдыңыз эле?
- Мен канчалык кызуу болбоюн, өмүрүмдө эч качан бирөөнү сөгүп көргөн жан эмесмин. Болгону Өмүрбек Бабанов иним «абийир, адамгерчилик»жөнүндө сүйлөп атканда чыдабай кетип, ордуман «Бобик, ыйман жөнүндө сен экөөбүз сүйлөбөй эле коёлучу, сенин элге акыл үйрөткөнгө моралдык укугуң жок!» деп кыйкырып койдум. Бабанов жигит болсо мени менен өзү эркекче сүйлөшсө болмок. Анткендин ордуна өзү кетип калды дагы, мени улам ызырынган жансакчылары курчашып, мушташ провокациясына түртүп жатышты. Эми анча-мынча эркекче алар менен «сүзүшүп» койдум (Эшимканов деген желмогуз өспүрүм курагында классикалык күрөш боюнча СССРдин спорт чеберлигине кандидат экенин көптөрү билбесе керек). Буга күбө катары жанымда отурган экс-классташтарым Азиз Турсунбаев, Улугбек Ормонов, ошондой эле мыкты киночу Садык Шер-Нияздар баардыгына күбө болуп отурушту.
- Эки күн мурда Бабановдун менчигиндеги НТСте телеалпаруучу болуп иштеген жубайыңыз Асел Эшимканованы дагы жумуштан кетирип жатканын уктук. Бул канчалык акыйкатка жакын?
- Ооба, НТСтин азыркы гендирекгору Аман Бакытов деген жигит жубайымды чакырып, «өз ыктыярыңыз менен жумуш-танкетиңиз»деп сунуштаптыр. Себебине кызыкса, «сизге профессионалдык, юридикалык жактан эч кандай дооматыбыз жок, минтип кыйнаганым үчүн өзүмдү ыңгайсыз сезип жатам, бирок, шеф тараптан ушундай команда болгондон кийин кетпесеңиз болбойт» дептир. Жубайым арыз жазгандан баш тарткандан соң, аны эч кандай негизсиз эфирден алганга укуктары жок. Аргасы кеткен жетекчилик «анда сизди кетирүүнүн башка жолдорун табабыз» дептир. Албетте, өмүр бою те-леэфирде жүргөн жарым Асел жөн кетпейт, мыйзамдуу түрдө сот аркылуу укугун коргомокчу.
- Бул окуяны сиз Жунусовдун тоюндагы чатакка байланыштырасызбы?
- Бабанов чабышса мени менен ачыкка чыкса жарашмак, анан аялымдын деңгээлине түшүп, «кетирем» деп жатканы анын пас жүзүнөн кабар берет. Асел 15 миң сомдук айлык алган бул кызматтан кетсе талаада калбайт дечи, чакырган телеканалдар толтура, бирок, адилеттүүлүк үчүн Бабановдун өзүм билемдиги менен мыйзам аркылуу күрөшкөнгө даярбыз.
- Соңку учурда бир кездеги шакиртиңиз, КТРКнын гендиректору Кубат Оторбаевге тымызын бут тосуп, мурдагы ордуңузду эңсеп жатканыңызды көп жазышты. Бул жагына кандайча кеп айтасыз?
- Жүздөгөн шакирттеримдин бири катары Кубат Оторбаевди колдойм. Ага жок дегенде мыйзам чегинде өзүн көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк бериш керек.
- Эми Мелис байке, бүгүнкү саясый кырдаал жөнүндө бизге кенен-кесир маек куруп бербейсизби? Бугуңуз деле толуп жүргөндүр...
- Маекти кийинки жумада бергенге убада кылайын.
Маектешкен Асланбек САРТБАЕВдин архивинен, «Учур» 26-май, 2011-жыл.
Булак: АЗИЯnews.kg