www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Акмола облусунун Бурабай районундагы мектептердин биринде окуучулардын биринин ата-энеси баласы зордукталганын билдирген. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя бир жыл мурун болгон, бирок ал жакында эле ачыкка чыккан.

"Август айында биздин айылда мындан бир жыл мурун болгон коркунучтуу кылмыш тууралуу маалымат чыкты. Биздин мектептин окуучулары 5-класста окуган балага сексуалдык зомбулук көрсөтүшкөн, алардын бири азыр студент. Бул окуя бүт айылды дүрбөлөңгө салды" - деп жазган Facebook колдонуучуларынын бири.

Анын айтымында, шектүүлөрдүн биринин апасы ошол эле мектепте мугалим болуп иштейт.

Окуя боюнча Акмола облустук ички иштер башкармалыгынын комментарийинде "Бурабай райондук ички иштер бөлүмү жашы жете элек балага карата сексуалдык зомбулук фактысы боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул окуя, жабырлануучу тараптын билдирүүсүнө ылайык, 2022-жылы июнь айында болгон. Учурда экспертизалар дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда", - деп айтылат.

Посттун автору жабырлануучу баланын апасынын катын да жарыялаган.

"Мындай адамдар коомдо болбошу керек, анткени алар коркунучтуу. Алар мунун баарын жасаганы аз келгенсип, материалдык баалуулуктар менен күнөөсүн толтурууга аракет кылышкан. Бирок эч кандай материалдык баалуулук балам өтүшү керек болгон балалыкты кайтарып бербейт.

Анысы аз келгенсип, баламды шантаж кылып коркутууга да аракет кылышты. Алар муну менен баламдын өз жанын кыйышын каалаштыбы? Буга ким жооптуу?", - деген ал.

Аял кылмышкерлерди жазалоону, ал эми шектүүнүн апасына жабыркаган бала окуган мектепте мугалимдик кылууга тыюу салууну өтүнгөн.

"Шектүүлөрдүн бири жакында эле онлайн окууга которулду, буга чейин кадимкидей окуп жүргөн", - деп билдирет Фейсбук колдонуучусу.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости