www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-сентябрь күнү кечинде Батыш Казакстан облусунда жеңил автоунаа менен фура сүзүшүп, жыйынтыгында төрт баласы менен бир үй-бүлө каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү полиция департаменти кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жол кырсыгы саат 19:30дар чамасында Самара - Чымкент автоунаа жолунун Бекей айылы жайгашкан 200-чакырымында болгон.

"Жүк ташуучу DAF жана Lada Priora жеңил унаасы сүзүшүп, жыйынтыгында 34 жаштагы эркек менен 35 жаштагы аял жана алардын 18ге чыга элек төрт баласы (2012чи, 2013чү, 2018чи жана 2022-жылкы) каза болду", – деп жазылган полициянын билдирүүсүндө.

Кырсыктан жүк унаасынын 37 жаштагы айдоочусу жаракат алган.

Мындан үч ай мурда да Атырау облусундагы трассада Yutong автобусу менен Lada Priora унаасы сүзүшкөндө төрт баласы менен бир үй-бүлө каза болгон.

Казакстандын Башкы прокуратурасынын Укуктук статистика жана атайын эсеп комитетинин маалыматына караганда, ушул жылдын январынан августуна чейин өлкөдө 8 миңден ашык жол кырсыгы катталып (өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,5% аз), 1,5 миң киши өлүп, 10 миңден ашыгы жаракат алган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөдөгү жол кыймылынын коопсуздугу боюнча 2017-жылы чыгарган баяндамасында Казакстанды жолдогу өлүмдөр боюнча постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен лидер деп атаган. Анда өлкөнүн 100 миң жашоочусуна 24,2 өлүм туура келери кабарланган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости